Кыргызстандык мигранттын эки кызы өрттөн каза болду | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 25.05.21

0 Просмотры
Издатель
"Бүгүн Азаттыкта" маалымат-аналитикалык программасы:

- Москвада кыргызстандык мигранттын 4 жана 5 жаштагы эки кызы өрттөн каза болду. Ушул эле күнү Санкт-Петербургда иштеп жүргөн 31 жаштагы кыргызстандык бийик үйдөн кулап кетип, көз жумду. Жардам берем дегендерге банк эсеби Сбербанк: 4279 3806 7565 2913

- Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин жергиликтүү тургандар аткезчиликке каршы элдик кошуундарды түзүшкөн. Контрабанданы токтотуу үчүн аракеттенгендердин ишин эми укук коргоо органдары аткармай болду.

- Орусияда абакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальный анын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди. Эми ага «акаарат келтирген» деген айып коюлууда. Бирок, кандай акаарат экени айтыла элек.

#БүгүнАзаттыкта #жаңылыктар #Кыргызстан
Категория
Мелодрамы на любой вкус
Комментариев нет.